Президент Конституциялык сотко эмне үчүн кайрылды? Садыр Жапаровдун түшүндүрмөсү

 Конституциялык сотко кайрылууга эмне себеп болду, негизги максаты эмнеде?

 Мен ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептейм. Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм.