Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-февралда билдирди.
Бул чечим Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатын көздөйт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
— Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;
— Өкмөткө ушул жарлыкка тиешелүү чараларды кабыл алуу сунушталсын.