Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигин түздү

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-февралда билдирди.

Бул чечим Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;

— Өкмөткө ушул жарлыкка тиешелүү чараларды кабыл алуу сунушталсын.