Президент Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына сунуштады

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин өкүлү Анарбек Калматов билдирди.

Ал депутаттардан Улуттук банктын жаңы башчысын дайындоо маселесин биринчи болуп кароону суранды. «Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү боюнча өз арызын жазды. Анын ордуна президент Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштайт», — деди ал.