Президент: «Кумтөр боюнча үч айдан кийин келишим күчүнө киргенде жооп берем»

«Кумтөр боюнча үч айдан кийин келишим күчүнө киргенде жооп берем». Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кенди иштеткен ишканага коюлган 260 миллиард сомдук экологиялык доону ким төлөйт деген суроого жооп берди.

«Туура көрсөңөр, “Кумтөр” боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча мынча былжырактарды. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар эгер беттери калың болбосо. Ай, бирок ким билет. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен», — дейт президент.

Алтын казып алуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткени боюнча өлкө башчысы алтын казып алуу дайыма бир көлөмдө болбой тургандыгын айтты.