Президент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда октон жаракат алган аскерге батир берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө УКМКнын Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн «Көк-Таш» чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу жана чек ара жаңжалында каза болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жубайы Гүлхайо Кодирова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы чек арачы Мирбек Султанбек уулунун ден соолугун сурап, анын тез сакайып кетишин каалады, ошондой эле жоокерге Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал Мирбек Султанбек уулу аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин жана баатырдыктын татыктуу үлгүсүн көрсөткөнүн белгиледи. Президент Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга аскер кызматкерине туруктуу негизде колдоо көрсөтүүнү улантууну тапшырды. Мамлекет башчысы Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.

Президент Бекзодбек Юлдашевдин жесирине дагы бир жолу көңүл айтып, ага жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалады. Каза болгон прапорщиктин жесирине материалдык жардам көрсөтүлдү.

Мирбек Султанбек уулу 2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда  октон жаракат алган. Аскер кызматкери быйыл «Эрдик» медалы менен сыйланган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматынын прапорщиги Бекзодбек Юлдашев 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы тилкесинде куралдуу кагылышта каза болгон. Өткөн жылдын май айында ал курман болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да буга чейин Бишкектен батир алышкан.