Президент «Кыргыз көмүрдүн» директорунун орун басарын жана коммерциялык директорун кызматтан бошотту

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Бекжанов Надырбек Кабылович ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечимди Коопсуздук кеңеши кабыл алды. Бул сунуш тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров айтты.

Анын айтымында, мамлекеттик ишкананын коммерциялык директору Чокморов Тимур Элдияровичти да ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

«Бул чечим аталган адамдар кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кабыл алынды. Алардын иши канааттандырарлык эмес деп табылганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды», — деп кошумчалады президент.