Президент Кыргызстандын Пакистандагы жана Израилдеги жаңы элчилерин дайындады

Бейшембиев Эрик Айдарканович Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Анын ордуна Тотуяев Уланбек Асанкулович дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мындан тышкары, Өмүралиев Кубанычбек Касымович ишин айкалыштыруу боюнча Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Израиль мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.