Президент кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушун баштоо үчүн капсула салды.

Садыр Жапаров чогулгандардын, анын ичинде балбандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү күндүн маанисин белгиледи. Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер күрөшү 2000-жылдардан башталат. Бул тарыхта кала турган өзгөчө күн. Кыз-келиндер үчүн оңойго турбаган спорттун бул түрү боюнча ийгиликке жетишкен даңазалуу кыргыз кыздарынын ысымдары эч качан унутулбайт.  Президент 20 жылдын ичинде балбан кыздарыбыз кыз-келиндер күрөшү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишкенин белгиледи.

Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар бар. Долбоордун сметалык баасы 98 миллион 677 миң сом, тендердик баасы 81 миллион 573 миң сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубал чуңкуру 100 пайызга казылды.

Андан соң мамлекет башчысы “Жаштык” спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп, комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.