Президент Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок

Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Судьялардын кеңешине судьялык кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган. Судьялар кеңеши бул арызды канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президент Садыр Жапаровго киргизишти. Бул сунуш мамлекет башчысы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.