Президент: «Мындан кийин соттор ар бир мыйзамсыз чечими үчүн жооп берет»

Бүгүн, 5-мартта мамлекет башчы Садыр Жапаров Сот кызматкерлеринин күнүнө карата фемида өкүлдөрү менен жолугушу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда  Жапаров сот кызматкерлерин мыйзамды бекем кармап, таза жана акыйкат иштөөгө чакырган.

Анда ал мындан ары бийлик түзүмдөрүнөн судьяларга эч ким эч кандай көрсөтмө бербестигине кепилдик берди. Ошол эле учурда аларга коюлган талап күчөтүлөрүн, ар бир мыйзамсыз чечим үчүн керт башы менен жооп берерин эскертти.

“Бүгүнтөн баштап мен өзүм сиздерди коргоп, сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин. Сиздер болгону кайраттуу болуп, эрктүүлүгүңөрдү көрсөтүп, кандай гана кийлигишүү менен кысым болбосун, каршылык кылып, бекем туруп бергиле!”,- деп айтты Жапаров.

Ошондой эле ал судьялыкка тандалып жаткан талапкерлерге карата «укук тармагы жана сот өндүрүшү боюнча компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору болууга тийиш» деген принципти кармануу менен судьяларды тандоо тартибин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.

Иш-чарада Жапаров Сот тутумунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, судьялардын эмгек акыларын көтөрүү, социалдык кепилдиктерин камсыздоо, санариптештирүүнү киргизүү, ошондой эле башка алгылыктуу иштер болорун кошумчалады.