Бейшемби, 05.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент: «Өмүрбек Бабанов 50 миллион долларга технопарк куруп жатат»

11:35 07.12.2024
0
Президент: «Өмүрбек Бабанов 50 миллион долларга технопарк куруп жатат»

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-декабрда Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземине катышты.

Өлкө башчысы ыркырашып-чыркырашып, жакшылыктарды жамандыкка буруп, ниети бузук журналисттер жалган маалыматты чындай кылып таратып турган өлкөлөрдөн тыштан келген инвестор эмес, ички инвесторлор да тышка качып, чыгып кетишерин айта кетти. “Мисалы, биздин бай жарандарыбыз буга чейин завод-фабрикаларды салып, ошол жакта бизнес кылып келишкенин бардыгыңыздар жакшы билесиздер. Азыр ошолордун баарына мамлекет тарабынан кепилдик берилип, өлкөнүн ичинен инвестиция салдырып жатабыз. Кечээ Өмүрбек Бабановду кабыл алдым. “Азия Молл” соода борборунун аянтын чоңойтуп, тышки келбетин жакшыртыш үчүн 18-20 миллион доллар акча салып атат. 50 миллион долларга технопарк куруп, январдын аягында ачылышы пландалып жатат. Башка ички инвесторлорубузга көлдүн жээгинен 10-20 гектарлап жер бердик. Алар 100-150 миллион долларлык 5 жылдыздуу отель, пансионаттарды салып башташты. Эки жылда аларды ишке киргизип калабы, деп болжолдоп жатабыз”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы акыркы 3 жылда Кыргызстанда бир дагы митинг болбогонуна токтолду. “Стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү. Ошол үчүн тыштан келген инвесторлор азыр кезекке келип тура башташты. 2021-жылдан бери биздин өлкөгө түз жана кыйыр түрдө 5 млрд доллардан ашык тыштан инвестиция келди. Ошондуктан биз каралоочуларга көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштеп, адал иш менен жеңебиз”, — деди президент.

Садыр Жапаров жол инфратүзүмү мамлекеттин кан тамыры болуп эсептелгендиктен, бул тармакты өнүктүрүү менен өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түзүлөрүн айтты. Жаңы жолдор аймактын логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, соода жана туризм тармактарынын алдыга жылышына чоң өбөлгө болот. “Аймактар аралык жолдор жакшырып, каттамдар артса, өлкө экономикасы дагы өсөт. Бүгүнкү күнү Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу дээрлик бүттү, жаңы тоннель да жакында ачылат, аны менен аймактардын каттамы дагы арбый тургандыгына шек жок. Ошондой эле Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Түп-Кеген жана Корумду-Балбай баатыр автожолдорунун курулуштары келерки жылы толугу менен бүткөрүлөт”, — деди мамлекет башчысы, ал эми эл аралык мааниге ээ “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун баштоо үчүн ушул айдын соңунда “мезгил кутусу” салынарын маалымдады. Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жолдун курулушуна катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:04 05.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар Медербек Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосундагы кырдаалды жөнгө салды. Бул тууралуу парламенттин басма...

Депутаттардын айлыгы канча? Парламенттин спикери түшүндүрмө берди

Депутаттардын айлыгы канча? Парламенттин спикери түшүндүрмө берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:46 04.03.2026
4

Төрага Марлен Маматалиев депутаттардын айлык маянасына байланышкан жагдайлар боюнча түшүндүрмө берди. Тагыраагы, жакында эле маалымат каражаттарынын бирине санариптештирүү боюнча маек...

Мандатын тапшырат делген депутаттар тууралуу төрага Маматалиев үн катты

Мандатын тапшырат делген депутаттар тууралуу төрага Маматалиев үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 04.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында социалдык тармактарда тараган депутаттардын болжолдуу «кара тизмеси» тууралуу маалыматка комментарий берди....

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:03 03.03.2026
0

Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мамыржан Рахимов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү...

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:27 27.02.2026
0

"Азыркы учурда «бюджетибиз 3,5 эсеге көбөйүп, экономикабыз 10-11% өсүү темпи менен өнүгүүдө» деген сыяктуу жаңылыктар жарыяланган сайын, калкыбыз тарабынан «кымбатчылык»...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

09:55 05.03.2026
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

12:14 05.03.2026
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү