Президент өзүнө жаңы кеңешчи дайындады

Алтынбек Жумаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Анын ордуна Арслан Койчиев кеңешчи болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал буга чейин да 2021-жылдын февраль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган болчу. Бирок 2022-жылдын июнь айында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалганына байланыштуу кеңешчиликтен бошотулган эле.