Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда президент Садыр Жапаров ар тармак боюнча тапшырмаларды берип жатат. Ал тоо-кен тармагындагы аудиттин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратурага текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.
«Бул жерде да коррупциялык элементтер өтө күч алган. 5-10 жылдан бери бир эле адам 20-30 лицензия алганы бар. Ал лицензияны алат да, изилдөө иштерин жүргүзүп жатам деген шылтоо менен кармап жатат. Аны сатам деп, жашыруун кардар издеп жүрөт. Ал жерде баалуу металлдардын лицензиясы бар. Муну да изилдеп чыгышыңар керек», — деди ал.
Ал мындан тышкары, энергетика тармагына токтолуп, жөн эле жоюп салган фактылар көп экенин айтты. «Айрым абоненттердин карыздарын негизсиз жоюу фактылары бар. Мисалы, абонент бар, бирок ал жерде анын үйү курула элек, фундаменти гана бар, миллиондогон акчалар эсептен чыгарылат», — деди ал.