Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Орусияга барат

Президент Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрү мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Орусия менен союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча тышкы саясатта алган жолу алакаларды мындан ары чыңдоого жана ар тараптуу кеңейтүүгө багытталат. Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдорун талкуулашат.
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган. Мындан тышкары, Орусиянын ишкерлер чөйрөсү менен баарлашуусу, ошондой эле мекендештер жана аталган өлкөдө окуган студенттер менен жолугушуусу өтөт.