Бүгүн, 28-февралда президент Садыр Жапаров 3 райондун акимин, 1 шаардын мэрин дайындады.
Өлкө башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык:
Имамназар Бурканов Чүй облусунун Жайыл районунун акими болуп дайындалды;
Данияр Эркимбаев Ош облусунун Араван районунун акими болуп дайындалды;
Данир Иманалиев Баткен облусунун Баткен районунун акими болуп дайындалды;
Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды.
21-февралдагы президенттик администрациянын коллегиясында Садыр Жапаровго 7 райондун акимин кызматтан бошотуу боюнча сунуштарды жөнөтүү чечими кабыл алынып, мамлекет башчы 22-февралда аларды ээлеген кызматынан бошоткон эле.