Президент Садыр Жапаров 5 жарлыкка кол койду

Бүгүн, 29-январда президент Садыр Жапаров 5 жарлыкка кол койду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Буйруктар адеп-ахлактык өнүгүү, жаңы кадр саясаты, жеке менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана тоо кен тармагы тууралуу. Ошондой эле бир катар жарлыктар даярдалып жатканы, жакынкы күндөрү кол коюла турганы айтылды.