Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимин кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимин кызматтан бошотту.

  • Жакыпбек Субагожоев Ош облусунун Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду;
  • Учкунбек Жоробаев Баткен облусунун Баткен районунун акими кызматынан бошотулду;
  • Мирлан Карагулов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду;
  • Мунарбек Насиров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими кызмат ордунан бошотулду;
  • Сейтек Кулубаев Ош облусунун Араван районунун акими кызмат ордунан бошотулду;
  • Талас облусунун Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • Талас облусунун Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

21-февралдагы президенттик администрациянын коллегиясында Садыр Жапаровго 7 райондун акимин кызматтан бошотуу боюнча сунуштарды жөнөтүү чечими кабыл алынган.