“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө Протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу планда турат”, — деди Муратбек Азымбакиев.
Президент Садыр Жапаров 8-майда иш сапары менен Орусияга барат
Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш Парадына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
- Categories: САЯСАТ
Related Content
"Соттун чечимине эч кандай тиешем жок". Президент Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар тууралуу пикирин билдирди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
21:31 16.06.2024
12 жыл мурда Ташиев пайдубалын түптөгөн күрөш залын Шакиев ачты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
17:40 15.06.2024
Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:08 15.06.2024
Шакиев: "Мугалимдин айлыгы депутат менен министрдин маянасынан кем болбошу керек"
Автор
СЕРЕП МЕДИА
17:09 14.06.2024
Орозайым Нарматова: "Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз"
Автор
Эдита Ильясова
18:31 13.06.2024