Президент Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди.
Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду. Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.