Садыр Жапаров Ашхабадга учуп кетти. Аны кимдер коштоп бара жатат?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын алкагында ал Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мерчемделген. Аны менен катар мамлекет башчы кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат. Мындан тышкары, Түркмөнстандын тунгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана Turkmenbashynin Ruhy Metjidi мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт.

Расмий делегациясынын курамы: