Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушуна старт берди.
Мамлекет башчысы Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушу – мыйзам үчүн кызмат кылган, кылмыштуулук менен күрөшкөн, жарандардын укугун коргогон кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи. “Биз бүгүн мезгил кутусу аркылуу келечек муундарга кайрылып, жаңы Кыргызстанда укуктук тартип, мыйзам жана адилеттүүлүк өлкөбүздүн негизги баалуулуктары боло тургандыгын жар салдык”, — деди Садыр Жапаров.
Жаңы административдик имарат жети кабаттуу болот, жалпы аянты 20 миң чарчы метрди түзөт, ал заманбап жабдуулар менен жабдылат. Имаратта кеңсе бөлмөлөрү, чакан жана чоң залдар жана 200 орундуу эки деңгээлдүү жер астындагы паркинг ойлонуштурулган. Курулуш иштери президентин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кыргыз курулуш сервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми курулушту аяктоо жана пайдаланууга берүү эки жылдык мөөнөткө пландаштырылган.