Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы чек арага чектеш айылдарга барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн жана эртең Баткен облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Мамлекет башчысы чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат жана жергиликтүү тургундар менен жолугушат», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өлкө башчы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин жаңы салынган үйлөрдү ээлерине тапшырат.