Президент Садыр Жапаров беш кишини генерал наамынан ажыратты

Президент Садыр Жапаровдун 10-октябрдагы жарлыгы менен 5 киши генерал наамынан ажыратылды. Маалыматты президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов тастыктады.

Ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиевди, Мирлан Каниметовду, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Малик Нурдиновду милициянын генерал майору наамынан ажыратты.

Ошондой эле УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев менен УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаевдин генерал майор аскердик наамы алынды.