Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн гала-концертке жубайы менен барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн, 7-октябрда Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концертке барды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өттү.

«Гала-концерт алкагында эки өлкөнүн маданият чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү, алардын ичинде СССРдин эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын эл артисти жана Казакстандын эмгектин баатыры Роза Рымбаева, Казакстандын эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева, Абай атындагы казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Казакстандын Курмангазы атындагы казак  улуттук эл аспаптары оркестри, «Астана балет» театры, домбрачылар ансамбли, «Арлан» улуттук салттар театры, «Туран» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «МузАрт» эстрадалык тобу жана ошондой эле Казакстандын башка көрүнүктүү маданият ишмерлери бар», — деп айтылат маалыматта.