Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Академиясынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы катышуучуларды Академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду. Ал ыкчам кызматкерлердин күжүрмөн кесиптик даярдыгынын, талдап-ой жүгүртүүсүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында Академия түзүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram