Президент Садыр Жапаров дагы 5 жарлыкка кол койду

Бүгүн, 9-февралда мамлекет башчы Садыр Жапаров кезектеги жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент төмөнкү жарлыктарга кол койду:

«Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча  кечиктирилгис чаралар жөнүндө»

«Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө»

«Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө».

Аталган бул жарлыктар саламаттыкты сактоо тутумун жакшыртуу, өлкөнүн финансы рыногун жолго салуу, агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү, мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү максатында кабыл алынган. Ошондой эле жарлыктардан келип чыккан милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү өкмөткө сунушталат.