Президент Садыр Жапаров «Дордой» базарында да болду (видео)

Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров «Ош» жана «Дордой» базарларын кыдырды.

Ал жарандар менен баарлашып, эмне үчүн көзөмөл кассалык аппаратын колдонууга каршы чыгып жатышканын билүү үчүн кыдырып жатканын айтты. «Ошону сурап, билип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөм. Министрлер кабинети убагында түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзө албай калган үчүн эл түшүнбөй ага каршы митингге чыгып жатат. Ошонун себебин билейин деп жатат», — деди президент.