Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон мамлекет башчысын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген. Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.
Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты
Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-июлда Париж шаарында (Франция Республикасы) XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысын жана...