Президент Садыр Жапаров элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда өлкөдө акредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Швейцария Конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер, Монголияныкы Ганхуяг Содном жана Азербайжан Республикасыныкы Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырды. Азем башталардын алдында чет элдик дипломатиялык миссия башчыларын Ардак кароол тосуп алды. Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин президент Садыр Жапаровдун ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушууларынын жүрүшүндө өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемедөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер анын өлкөсү менен Кыргызстандын ортосунда көп окшоштуктар бар экенин белгиледи. Ал Садыр Жапаровду Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясында 2022-жыл «Эл аралык тоолорду туруктуу өнүгүүсү» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышы менен ошондой эле парламенттик шайлоолордун өтүшү менен куттуктады. Оливье Бангертер Швейцариянын тыгыз өз ара кызматташууга жана Кыргызстанда өнүктүрүү программасына 22 миллион доллар бөлүүгө даярдыгын белгиледи.

Элчи Ганхуяг Содном Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун ысык саламын жеткирип, өлкөлөр ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгиледи. Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү боордош өлкө экенин баса белгилеген Ганхуяг Содном айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагындагы алакаларды кеңейтүүгө даярдыгын, бул жерде чоң потенциал бар экенин белгиледи. Ошондой эле, Монголиянын элчиси Кыргызстанды ЕАЭБ мейкиндигинде төрагалык кылуусунун башталышы менен куттуктады.

Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов өлкөлөрдү байыркы түрк тамыры жана совет доору боюнча жалпы тарых, маданий жана руханий мурастар бириктирип турганын баса белгиледи. Элчи эки өлкөнүн бардык эл аралык маселелер боюнча кз караштары жакын экенин белгилеп, Азербайжандын Кыргызстан менен инвестициялык кызматташуусун арттырууга даярдыгын баса белгиледи.