Президент Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана башкы аткаруучу директору Жейми Флайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Баарлашуу жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстан сөз эркиндигин туу туткан, демократиялык принциптерди сыйлаган эркин өлкө экенин белгилеген. Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштөөгө даярдыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал жалпыга маалымдоо каражаттары объективдүү, ар тараптуу, кайсыл бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Жейми Флай Кыргызстанда ЖМКга, анын ичинде «Эркин Европа / Азаттык» радиосунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи. Буга байланыштуу медиакорпорациянын президенти өлкө жетекчилигине түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда – сөз эркиндиги коомчулуктун күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон ачык өлкө экенин кошумчалады.