Президент Садыр Жапаров галстук тагынды

Бүгүн, 4-февралда президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус инфекциясы пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөнүн каржы жана валюта рыногундагы азыркы кырдаал, улуттук валютанын алмашуусунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу чаралары жөнүндө айтылды.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2020-жыл бардык кыйынчылыктарга карабастан, Ата Мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады:

— Улуттук банк инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7 пайыздын тегерегинде кармай алды;

— банк секторунда оң көрсөткүчтөр сакталды: насыялык портфель 11%га көбөйдү (162,6 млрд сомду түздү), банктагы депозиттер 19,9 пайызга өстү (180,9 млрд сомду түздү);

— депозиттерди долларлаштыруунун деңгээли 42,9 пайызды түздү, насыяларды долларлаштыруу 32,9%ды түздү;

— 2020-жылдын ичинде алтынвалюта резерви 384 млн АКШ долларына өсүп, жыл соңунда 2 млрд 808 млн АКШ долларын түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат;

— КРУБдун кирешеси рекорддук 8 млрд 484 млн сомду түздү.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айтты. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногундагы жана экономикаларындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн каржы-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеп, улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айтты.