Президент Садыр Жапаров Глазго шаарындагы Шотландиялык көргөзмө борборуна барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарындагы SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн барды.

Саммит өтө турган Шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинде мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң, президент Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон учурашты. Мамлекет башчысынын БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө. Эртең, 2-ноябрда Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.