Садыр Жапаров Глазгого менчик учак жалдап кеткенби? Президенттик аппараттын жообу

Мамлекет башчысы учуп жүргөн ТУ-154 учагы Евробиримдик менен Улуу Британиянын техникалык нормаларына жооп бербейт, буга байланыштуу кыргыз тарапка өлкөгө бул типтеги учактарды кондурууга мүмкүн эместиги маалымдалган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттик администрациядан билдиришти.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясын Глазго шаарына менчик учак менен алып баруу чечими кабыл алынган.

«Кыргызстандын делегациясы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына жана дүйнө лидерлеринин Саммитине катышат. Аталган иш-чара жыл сайын өтүүчү аянтча болуп саналып, анда жогорку деңгээлдеги делегаттар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча зарыл болгон кийинки кадамдарды талкуулоо үчүн чогулушат. Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнөлүк лидерлердин, эксперттердин жана өкмөт кызматкерлеринин катышуусунда Улуу Британияда өткөн эң ири саммит болору белгиленген», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Азаттык» өздүк булактарына таянуу менен президент Садыр Жапаровдун Глазгого менчик учак жалдап кеткенин жазган эле.