Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барат

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрь күнү Душанбе (Тажикстан) шаарында өтө турган ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ТИМи билдирет.

«Сессияга ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышат», — деп айтылат маалыматта. 

Маалыматка караганда, мамлекет башчылар эл аралык жана регионалдык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле сессиялар аралык мөөнөттө жасалган иштер тууралуу сөз болот.