Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Бельгияга барат

Кечээ, 28-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында Европа Кеңешинин президентинин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Саймон Мордю менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашкан. «Президент Садыр Жапаровдун Бельгияга боло турган иш сапарына жана анын европалык институттардын жетекчилери менен жолугушууларына өзгөчө көңүл бурулду. Казакбаев Европа Кеңешинин президентине 2022-жылы Кыргызстанга жооп иретинде иш сапары менен келип кетүүгө чакыруусун тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Ооганстандагы кырдаалга жана регионалдык коопсуздук маселелерине кайрылып, тараптар оогандык аялдар үчүн билим берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, тынчтык орнотуу, баңгитрафикти, зомбулук экстремизм жана терроризмге каршы  күрөшүүнүн алкагында кызматташуу боюнча пландарын талкуулашкан.