Өлкө башчысы Садыр Жапаров иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагына, тактап айтканда Ош жана Баткен жергесине жөнөп кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек билдирди.
Маалымат кызматынын билдиришинче, өлкө башчы Баткенде өтүп жаткан «Коопсуздук — 2021» аскердик даярдык окутууларынын жыйынтыктоочу фазасына күбө болот. Ошондой эле облустагы энергетикалык жана өнөр-жай объектилеринин иши менен таанышат. Иш сапарынын 2-күнүндө өлкө башчысы Ош облусунун Алай районуна барат.