Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош жана Баткен облустарына барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагына, тактап айтканда Ош жана Баткен жергесине жөнөп кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек билдирди.

Маалымат кызматынын билдиришинче, өлкө башчы Баткенде өтүп жаткан «Коопсуздук — 2021» аскердик даярдык окутууларынын жыйынтыктоочу фазасына күбө болот. Ошондой эле облустагы энергетикалык жана өнөр-жай объектилеринин иши менен таанышат. Иш сапарынын 2-күнүндө өлкө башчысы Ош облусунун Алай районуна барат.