Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына барды (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышат. Ошондой эле, президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.