Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгына келди. Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз — Эр-Рияддын губернаторунун орун басары тосуп алды.

Иш сапарынын алкагында президент Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда.