Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барат

Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровдун Түркияга боло турган иш-сапарын уюштуруу боюнча иш алып барып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Кечээ, 14-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын палаталар жана товардык биржалар союзунун президенти Рифат Хисаржыклыоглу баштаган түрк ишкерлер чөйрөсүнүн делегациясы менен жолугушту. Казакбаев белгилегендей, бул жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип, эки тарап тең бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда. Кыргыз тарап түрк тарап менен үзгүлтүксүз расмий байланыштарды, анын ичинде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарын баса белгиледи. Эки тарап тең президент Садыр Жапаровдун Түркияга боло турган иш сапарын уюштуруу боюнча иш алып барып жатканы белгиленди.

Тараптар алдыда боло турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагында бизнес форумун өткөрүүнү талкуулашты. Түрк тарап өз кезегинде бизнес форумду уюштурууга максималдуу жардам көрсөтүүгө жана түрк ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусун камсыз кылууга даяр экендигин билдирди.