Президент Садыр Жапаров жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппраттан билдиришти.

Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Алардын арасында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр. «Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат», — деди өлкө башчы.

Жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат. Ошону менен бирге президент эки өлкө кызматташтыгын чыңдоо жана тереңдетүү максатында Кыргызстанда БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанисин белгиледи. Элчиликтин ачылышы Кыргызстандагы эмират бизнесин шыктандырып, анын ийгиликтүү иштешине шарт түзөт.