Президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 7-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандагы абалды жөнгө салууга багытталган ЖККУнун алкагында көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.