Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлер өзүлөрүнүн иш бөлмөлөрүнө анын сүрөтүн илбөөгө чакырып, сунуштады. Бул тууралуу президенттик аппартаттын маалымат кызматы билдирди.
«Президент Садыр Жапаров азырынча жарандардын жашоо шартын мыкты деңгээлге чыгарууга эч нерсе жасай элекмин деп эсептейт. Ошол себептен ал бардык мамлекеттик бийлик органдарына кабинеттерге жана административдик имараттарга анын сүрөтүн илбей эле коюуну сунуштады»,-деп берилет маалыматта
Өзүнүн сүрөтүнүн ордуна мамлекет башчы Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков сыяктуу чыгаан ишмер, саясатчылардын сүрөтүн илүү туура болоорун белгилеген.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы жетекчилердин бири президент Садыр Жапаров шайлоодон утуп чыккандан кийин, анын сүрөтү түшүрүлүп токулган килемди иш бөлмөсүнө илип алган. Мамлекеттик кызматкердин бул иши коомчулукта кызуу талкууга түшүп, социалдык тармактын колдонуучулары анын бул кадамын кошоматчылык деп баалашкан болчу.Ошондой эле буга чейин Жапаровго окшоп, Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский да кызматына киришип жатып, өзүнүн портретин кабинеттерде көрүшүн каалабай турганын айтып, коомчулуктун таң калуусун жараткан болчу.