Президент Садыр Жапаров кайсы учак менен Түркияга учуп кетти?

Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Буга чейин мамлекет башчысынын Глазгого болгон иш сапарынан кийин бул жолу президенттин кайсы учак менен Түркияга учуп кеткени көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттик аппараттан мамлекет башчынын №1 Ту-154М учагы менен Түркияга учуп кеткенин билдиришти. 

Садыр Жапаров Глазгого менчик Embraer Lineage 1000 бизнес-учагын жалдап кеткен. Аны ижарага алуу баасы учуунун саатына 12 миң евродон башталары маалым болгон.