Президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча глобалдык келишим түзүлгөнүн жарыялады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялады.

Түзүлгөн келишимге ылайык, Министрлер кабинети Кумтөр кенин толук башкаруу жана ээлик кылуу укугуна ээ болду. Келишимде Министрлер кабинети, «Центерра» жана «Центерранын» негизги акционери болуп саналган «Кыргызалтын» ААК ортосундагы бардык талаш-тартыштарды так бөлүштүрүү жана чечүү каралган. Жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:

• Кыргыз Республикасы жана «Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кени үчүн толук жоопкерчиликти алат жана 2021-жылдын 15-майынан кийин кенден алынган кирешени өзүндө калтырат;

• «Центерра» Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын сактоо жана коргоо үчүн 50 миллион доллар төлөйт;

• «Центерра» «Кыргызалтынга» 11,1 миллион доллар өлчөмүндө кошумча акчалай төлөм жүргүзөт;

• Мындан тышкары, рекультивациялоо фондуна 53 миллион доллар өлчөмүндөгү көзөмөл Кыргыз Республикасына кайтарылып берилет;

• «Кыргызалтын» менен «Центерра» акцияларын алмаштырса, «Кыргызалтын» «Центеррадагы» акцияларын кайтарып, КГКнын 100 пайыз акциясын алат.

• Келишим ошондой эле, тараптардын өз ара талаптарын толугу менен жана биротоло алып салууну, жоопкерчиликти тааныбастан бардык юрисдикцияларда тараптардын катышуусундагы бардык соттук териштирүүнү токтотууну карайт.

Келишим Министрлер кабинети жана Жогорку Кеңеш тарабынан алдын ала жактырылган. Министрлер кабинети, «Центерра» жана «Кыргызалтын» ААК келишимге кол коюлгандан кийин 90 күндөн кечиктирбестен макулдашуу жабылат деп күтүүдө.