Президент Садыр Жапаров «Кыргыз көмүр» ишканасына техникаларды тапшырды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казып жаткан Кара-Кече филиалынын иши менен таанышты.

Мамлекет башчысына энергетика министри Доскул Бекмурзаев ишкананын учурдагы иштери, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана пландалган алдыга койгон пландары тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы көмүр кенинде иштей турган 50 HOWO жүк ташуучу унаасын жана 4 жүктөгүчтү көрүп чыгып, Кара-Кече филиалынын кызматкерлерине ачкычтарын тапшырды.

Бул техниканы “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы “Айыл банктан” лизинг менен алып берген. Биринчи этапта «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына жалпы суммасы 245 миллион 573 миң 250 сомду түзгөн жарым чиркегичтери менен 50 даана HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу тракторлор жана 4 даана алдыңкы жүктөгүчтөр алынган.

Мамлекет башчысы ошондой эле, байкоочу аянттан көмүр казуу иштерине көз салды.