Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Тоолордун эл аралык күнү менен куттуктады

10:44 11.12.2024
0
Садыр Жапаров Тоолордун эл аралык күнү менен куттуктады

Бүгүн, 11-декабрь Тоолордун эл аралык күнү. Аны менен президент Садыр Жапаров Кыргыз жарандарын куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«11-декабрь – Тоолордун эл аралык күнү тоо экосистемасынын маанилүүлүгү менен уникалдуулугун, ошондой эле дүйнө жүзүндө климаттын, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнүн кесепетинен тоолор туш болгон коркунучтарды эске салып турат. Кыргыз эли үчүн тоолор – бул Жараткандын берген жаратылыш байлыгы гана эмес, жамы журтубуздун жашоо булагы, байыртадан пааналап келаткан Мекени! Кыргызстан тоолуу өлкө катары өзүнүн уникалдуу табигый байлыктары, аска зоолору, ак мөңгүлөрү жана дарыя-суулары менен сыймыктанат. Булар бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн күн кечириши үчүн абдан маанилүү. Ошентсе да жалпы экосистемада калдайган тоолордун дагы эң алсыз жактары бар. Алар адамдын ашыкча иш-аракетинен, климаттын өзгөрүүсүнөн, биологиялык ар түрдүүлүктүн деградациясынан жана табигый ресурстардын түгөнүүсүнөн жапа чегүүдө.

Кыргызстандын демилгеси аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 77-сессиясында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн таануу менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алганын билесиздер. Анын алкагында 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланганы белгилүү. Бүгүн биз мөңгүлөрдүн эрүүсүнөн, тоолордун булгануусунан, табигый кырсыктардан, экстремалдык аба ырайы шарттарынан, суу ресурстарынын жетишсиздигинен, жердин чөлгө айланышынан, тоолуу жайыттардын деградациясынан жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушунан улам, олуттуу чакырыктарга туш болуп жатабыз. Биз тоолорду сактоону дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү, глобалдык жана аймактык чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү аракетиндебиз. Мындан тышкары, учурда Кыргызстан башка мамлекеттер менен биргеликте ак илбирсти коргоо боюнча демилгелерди алдыга жылдырып жатат.

Быйыл БУУнун Илимий-техникалык консультациялар боюнча жардамчы органынын (SBSTA) 60-сессиясында Тоолор жана климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперттик кеңешме өткөрүлүп, тоолуу өлкөлөрдү колдоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгы баса белгиленди. Ошондой эле Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциянын 29-сессиясында Кыргызстан тоолуу аймактар боюнча маанилүү иш-чараларды өткөрүп, “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” аталышындагы улуттук павильон уюштурду.

Кыргыз Республикасы Климаттын өзгөрүүсү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларация кабыл алуу демилгесин көтөрүп, ал 16 мамлекет тарабынан колдоого алынды. Биз өлкө ичинде, Борбор Азия чөлкөмүндө жана глобалдык деңгээлде күч-аракеттерибизди бириктирсек, келечек муундар үчүн тоо экосистемасын сактап кала алабыз. Мындан улам, ар бир кыргыз жаранын табиятты таза сактоого, тоо ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө салым кошууга чакырам. Биздин аракеттерибиз кыргыз тоолорунун улуулугун, керемет жаратылышыбызды жана бүткүл адамзат үчүн баа жеткис байлык болгон ак мөңгүлөрдү сактоого багытталсын!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү