Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты. Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл аралыгында өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин белгиледи.

«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда ири саясий жана экономикалык реформалар болуп, коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жатканын белгиледи. Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенет», — деп айтылат маалыматта.