Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасынын атынан чет элдик делегация башчыларын кабыл алуу аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин атынан чет элдик делегация башчыларын кабыл алуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери, ошондой эле Польшанын президенти жана БУУнун Башкы катчысы менен баарлашты. Кабыл алуу аземи Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө өттү.